Исламдагы банк системасы боюнча 3 күндүк окуу семинары жыйынтыкталып, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды

Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаарында Исламдагы банк системасы боюнча дин кызматкерлери жана банк тармагында иш алып барган адистердин катышуусундагы 3 күнгө созулган окуу курсу жыйынтыкталды.

Окутууну Кыргызстанга илимий сапары менен Бахрейн өлкөсүнөн келген дүйнөгө белгилүү дин аалымы, Ислам банк системасы боюнча адис Ибрагим Эсса өттү.

Катышуучуларга сертификаттарды тапшыруу иш-чарасына Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев катышып, соода-сатыкты жүргүзүүдө, банк кызматтарын пайдаланууда адал жол аркылуу жүргүзсө береке болоорун баса белгиледи.  

“Бул окуу семинарынан кийин аймактарда дагы ушундай иш-чараларды өткөрүү боюнча сунуштар түшүп жатат. Бул дагы элдин талабы. Анткени айрым банктар шариятка ыңгайлашып, Ислам системасынын негизинде ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Мындай тажрыйба мусулман өлкөлөрүндө гана эмес Европа, АКШ мамлекеттеринде дагы өнүгүүдө. Ушундан улам Исламдагы банк системасын өнүктүрүп, элди адал жол менен соода-сатык иштерин жүргүзүүгө чакырышыбыз керек. Бул окуу семинарынын форматы дагы кеңейет”,-деди Азирети Муфтий.

Ал эми бул окууга катышып, сертификатка ээ болгон “Көлмө” медресесинин мугалими Умар Бакиров окуу семинарынан кийин Исламдагы банк системасына болгон пикири өзгөрүп, пайдалуу маалыматка ээ болгонун, мындан ары элди банк кызматтарын пайдаланууда адал жолго чакыраарын билдирди.  

“Семинар өтө пайдалуу болду. Мурун банк системасын шариятта, Исламдын жол жобосу аркылуу жүргүзүү мүмкүн эмес деп ойлочумун. Бул жолку сабактан кийин каржы, соода-сатык иштерин жүргүзүүдө заманбап система менен шарияттын жолу аркылуу адал жол менен банк кызматтарын пайдаланса болот экенин түшүндүм. Эми окуудан алган билимимди коомубузда элди сүткорлүк аркылуу пайда көрүп жаткандарга адал жол аркылуу иш жүргүзүүсүнө өз салымымды кошом”,-деди Умар Бакиров.