КМДБнын Орусиядагы өкүлчүлүгү демөөрчүлөр менен биргеликте Баткендеги Муаз Ибн Жабал медресесине керектүү шаймандарды жардам катары жөнөтүштү

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн эмгек жамааты  Абдиназаров Бакытбек Тойчубаевичтин демилгеси менен Баткен шаарындагы  Муаз Ибн Жабал медресесине кир жуугуч машина, китеп текчесин жана 10 миң сомдук жардам жөнөтүштү.

Бул туурасында КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев билдирди.

Жардам медреседе билим алган студенттердин шартын жакшыртуу жана диний окуу жайдын муктаждыктарын жоюу максатында берилген.

«Эмгек жамаатыбыз жана Бакытбек Тойчубаевич биргеликте кеңешип, Муаз Ибн Жабал медресесине аз болсо дагы жардам көрсөтүүнү чечтик. Албетте, бул балдарыбыздын муктаждыктарын чечүүдө жардамын берет деген ишеничтемин»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.