Түштүк аймагындагы «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун жыл жыйынтыгы чыгарылды

25-декабрь күнү Ош шаарындагы борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинде өлкөнүн түштүк аймагындагы медресе мүдүрлөрү жана мугалимдери үчүн жыйын болуп, анда «АВЕП» коомдук фонду тарабынан уюштурулган «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун 2020-жылдын экинчи жарым жылдыгында аткарган иштери боюнча маалымат берилди.

Медресе жаштары ар тараптуу болуусу биз үчүн чоң жетишкендик. Анткени жаштар өнөр үйрөнсө өзүнө, үй-бүлөсүнө жана өлкөбүзгө пайда алып келет. Мындай пикирин КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов билдирди.

«Медреседе кесиптик билимге ээ болгон улан-кыздар эч убакта жумушсуз калышпайт. Алар ар тараптуу келип, коомго үй-бүлөсүнө пайда алып келишүүдө. Мындан улам бул долбоордун иши дагы уланат»,-деди Акимжан ажы Эргешов.

Иш-чарага «АВЕП» коомдук фондунун жетекчиси Нурлан Токонов, Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык башкармалыгынын жетекчиси Исакбай Мурзабеков, жергиликтүү казыяттын окуу бөлүм адиси Номан уулу Муктарбек, өлкөнүн түштүк аймагындагы медресе мүдүрлөрү жана мугалимдери катышты.