Ош шаарында медресе жаштарынын жармаңкеси өткөрүлдү

Кечээ, 25-декабрь күнү Ош шаарынын борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинде өлкөнүн түштүк аймагындагы медресенин жаштары өз колунан жаралган эмгектерин эл назарна тартуулашты.

Медресе жаштары көргөзмөгө жыгач устачылык, тамак-аш азыктарын жана кийим-кече, буюм-тайымдарын алып келишти. 

Аталган көргөзмөгө төмөнкү медресе жаштары катышты: 

1. «Аз- Захра» медресеси
2. «Имам ат-Тирмизи» медресеси
3. «Муслима» медресеси
4. «Илим Тат»  медресеси
5. «Абдужапар» ислам институту
6. «Имам аль-Бухари» медресеси
7. «Муаз Ибн Жабал» медресеси
8. «Умму Мухаммад» медресеси
9. «Имам Азъам» медресеси
10. «Абдираим кары» медресеси
11. «Молдо Таабалды ажы» медресеси.