Нарында экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жолугушуулар өткөрүлүүдө

Нарын шаарында жана Нарын районунда экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жолугушуулар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Нарын шаарындагы Жумамүдүн Шералиев атындагы музыкалык мектептин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги менен бирге жаштар арасында радикалдашуунун жана диний экстремизмдин алдын алууда мамлекеттик жана диний уюмдар менен иштөөнүн теориялык жана практикалык иштерин кароодо кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйынга шаар мугалимдери Нарын шаарынын имамдары катышышты. Жыйында Кыргызстандагы диний кырдаал жана экстремиссттик деп саналган уюмдардын ишмердүүлүгү жана алардын коомго болгон зыянчылыктары кеңири айтылып түшүндүрүлүп берилди.

Ушундай эле жыйын,  Нарын райондук ички иштер бөлүмүндө, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын имараттарында дагы болуп өттү.

Жыйында Нарын районунун имам- хатиби, айыл өкмөттөрдүн экстремизм боюнча иш алып барган адистери, райондук билим берүүдөн, социалдык өнүгүү башкармалыгынан катышып, Нарын районунда диний экстремизм боюнча иштери, кемчиликтери ачык талкууланды.

Нарын облусунун аймагында мечиттерде жума намазын окууга уруксат берилгенден баштап Нарын шаарында, райондордо,  айыл өкмөттөрдө ар бир айылдын имамдары жума намазда «Экстремизм, Терроризм түшүнүктөрү жөнүндө» элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.