Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев расмий иш сапары менен Талас облусуна барып, диний абал менен жеринде таанышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев расмий иш сапары менен Талас облусуна барды. Алгач КР өкмөтүнүн Талас облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Канимет Осмоналиев менен жолугушуп, аймактагы диний абал талкууланды.

Жолугушууга КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Акин Токталиев, БТК мүчөсү Бакыт ажы Нурдинов, Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев, казынын орун басары Касым ажы Сыдыков, казыяттын иш башкармасынын жетекчиси Медер ажы Сагынбаев, казыяттын үгүт-насаат жана билим берүү адиси Абдысамат уулу Өмүрзак катышты.

Эки тараптуу жолугушууда Азирети Муфтий дин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз байланышта иштеп, облуста болуп жаткан маселелерди биргеликте чечүү керектигин билдирди. 

Андан соң Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Талас шаарындагы А.Огонбаев атындагы  балдардын музыкалык мектебинде  облустун жалпы имамдары менен жолугушуп, элди ынтымакка, биримдикке, сабырдуулукка чакыруу керектигин билдирди.  

“Имам дайыма эле үлгү болушу керек. Ошондуктан имам коомчулук менен тыгыз иштеп, алардын суроолоруна өз учурунда жооп берүүсү милдеттүү. Муну менен катар дин кызматкерлери элдин ар кандай терс диний агымдарга кирип кетпөөсү үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруусу зарыл”,-деди Азирети Муфтий.

Ал эми КР ДИМК директору Акин Токталиев дин кызматкерлеринин суроолоруна жооп берип, имамдар эл менен биргеликте иш алып баруусу керектигин маалымдады.

Жолугушуунун соңунда Талас облусундагы бар катар дин кызматкерлери Азирети Муфтийдин ыраазычылык баракчасы менен сыйланышты.