Азирети Муфтий журналист Бейшенбек Бекешовдун дүйнө салгандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Журналист Бейшенбек Бекешовдун дүйнө салгандыгына байланыштуу көңүл айтты.

“Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35). “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Журналист Бейшенбек Бекешовдун дүйнө салгандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Албетте, маркум Бейшенбек мырза өз өмүрүн журналистика тармагына арнап, элдин жүрөгүн түнөк тапкан берүүлөрдү алып чыккан инсан эле. Чындыгында бир мусулмандын үй-бүлөсүндөгү аза, бүткүл мусулмандарды да кайгыга салат эмеспи. Алла Таалам маркум Бейшенбек мырзанын үй-бүлөсүнө сабырдуулук жана  күч-кубат берсин. Ал эми Алла Таалам маркум Бейшенбек мырзанын жанын жаннатта кылып, бейишинен орун берсин.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан мусулмандарынын  Азирети Муфтийи  Максатбек ажы Токтомушев