Баткен облустук казыяты «Аял менен эрекетин үй-бүлөдөгү орду» аттуу буклет басып чыгарды

Баткен облустук казыяты  аялдар арасындагы  болгон зордук-зомбулуктун алдын алуу жана жаш жубайларды туура тарбияга үндөө максатында накыл сөздөр камтылган «Аял менен эрекетин үй-бүлөдөгү орду” аттуу буклетин даярдап, басып чыгарды

Учурда буклет имамдарга  таратылууда аны жалпы коомчулукка жайылтуу аракеттери көрүлүүдө.

Буклеттин автору  Баткен облусунун казысынын орун басары Нурдин ажы Мамасабировдун айтымында, буклет чыгаруунун максаты, коомчулукта кездешкен зомбулук көйгөйүн чечүү жолун элге сунуштоо, жубайларды үй-бүлө баалуулуктарын сактоого чакыруу.