Баткен шаарынын имамдарынын билимин жогорулатуу максатында атайын окуу курсу уюштурулду

Бүгүн, 28-декабрда Баткен облустук мусулмандар казыяты менен биргеликте Баткен шаардык хатибияты Баткен шаарынын имамдарынын диний билимин жогорулатуу максатында атайын окуу курсун уюштурду.

Окуу курсунун ачылышына облус казы Пазыл ажы Султанмуратов катышып, динибиздин асыл баалуулуктарын жайылтууда имамдын ар тараптуу билимге ээ болуусу керектигин баса белгиледи.

Андан соң казыят жана хатибият кызматкерлери имамдарга  фыкх илими боюнча окутууларды жүргүздү.

Сабактар суроо-жооп форматында уланып, имамдардын суроолоруна адистер жооп беришти.

Окуу курсуна 15 имамы катышты. Сабактын жыйынтыгы менен курска катышкан имамдарга атайын сертификаттар тапшырылды.