Араванда 2 кабаттан турган хатибият (диний идара) пайдаланууга берилди

Ош облусуна караштуу  Араван районунун борбордук мечитинин бет маңдайында жаңыдан салынган 2 кабаттуу хатибияттын ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземине Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, ДИМКнын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, казыяттын эмгек жамааты, Ош облусуна караштуу райондун башкы имам  хатиптери, Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев, жергиликтүү имамдар, жегиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Араван районунун аксакалдары катышты.

Хатибияттын салынуусу Араван районунун башкы имам хатиби Алибек ажы Жусупов тарабынан демилгеленип, “Араван жаштар коому” тарабынан колдоого алынды.

Хатибияттын курулуш иштери 2020-жылдын май айында башталып, бүгүнкү күндө толук кандуу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Иш-чара алгач маркумдардын урматына Куран окуу менен башталып, андан соң Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев хатибият кызматкерлери менен  район тугундарын жаңы идарасы менен куттуктап, көмөк көрсөткөн негизги демөөрчүгө жана райондун башкы имам хатибине Азирети Муфтийдин ыраазычылык баракчасын тапшырды.

“Кыргызстанда биринчи жолу хатибияттардын ачылуу аземи болуп олтурат.  Хатибиятыңыздар куттуу болсун. Журтубуздун ар кандай диний көйгөйлөрүн чечип,  элге руханий жактан чоң салым кошосуздар деген үмүттөмүн. Көмөк көрсөткөн жаштарга өзүмдүн жана Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин атынан ыраазычылык билдирем”,- деди Жоробай ажы Шергазыев.

Ал эми Ош облустук мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Араван элин жаңы хатибияты менен куттуктап, мындай хатибияттын курулуш иштери башка райондорго дагы салына турганын билдирди.

Ош облусунун көпчүлүк райондорунда хатибияттар курулууда. Кудай буюрса бул биринчиси. Алдыда башка райондордо дагы ушундай идаралардын ачылуусу күтүлүүдө”, — деди облус казысы Самидин кары Атабаев.

Хатибият 2 кабат 6 бөлмөдөн турат. Ошондой эле 1 жер төлөөсү бар.