Талант ажы Сабриков: экстремизм менен терроризмдин алдын алуу үчүн комплекстүү иш алып барүү керек

Бүгүн, 28-декабрда учурдагы олуттуу маселелердин бирине айланган экстремизм жана терроризмдин алдын алуу багытында  атайын отурум Каракол шаарында уюштурулуп, ага укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, агартуучулар жана дин кызматкерлери катышышты.

Иш-чаранын алкагында радикалдашуу кооптуулугунан сырткары жаштар менен иштеп, аларга туура таалим-тарбия берүү меселеси да талкууга алынды. Бул тууралуу Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жыйын ички иштер бөлүмү тарабынан демилгеленип, ага аталган мекеменин 10-бөлүмүнүн башчысы Нурзат Каптагаев  менен бирге Каракол шаардык билим берүү бүлүмүнүн өкүлдөрү, мугалимдер жана Ысык-Көл облусунун мусулмандар казыяты тарабынан Каракол шаары менен Ак-Суу районунун  баш имам хатибдери Талант Сабриков,  Асантур ажы Абдрахманов жана имамдар катышты.

Көпчүлүк учурда экстремизм менен терроризмдин кылтагына  жаштар түшүп калып жатат. Мындан улам келечек муундун өкүлдөрүнө туура таалим-тарбия беришибиз керек. Ошол себептен бул багытта комплекстүү түрдө иш алып барып, ата-эне, мугалим, дин өкүлдөрү жана тартип сакчылары чогу-чараан өспүрүмдөргө жол көрсөтүбүүз керек,”— деди Талант ажы Сабриков.

Белгилей кетсек, экстремизм менен терроризмдин алдын алуу багытындагы түшүндүрүү иштери учурда өлкөбүздүн башка аймактарында да өткөрүлүп жатат.