Ош облусуна караштуу бадык райондорунда «Адам жаны аманат» иш-чарасы өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу бардык райондордо айдоочуларга  «Адам жаны аманат» аттуу түшүндүрүү иш-чарасы болуп өттү.

Анда мечит имамдары жергиликтүү ИИМ кызматкерлери жана бийлик өкүлдөрү менен биргеликте автобекеттеги унаа жана маршрут айдоочуларын ылдамдыкты чектен ашырбай, жол эрежелерин так сактоого чакырышты.

Аталган иш-чара дээрлик 1 айдан бери Муфтият тарабынан демилгеленип, учурда Кыргызстандын бардык аймагында уюштурулууда.

«Коомдук тармактарда жол кырсыктарын чыгылдырган видео жана фотолор акыркы жылдары абдан эле көбөйүп кетти. Алардын көпчүлүгү ылдамдыкты чектен ашыра айдагандар. Айрымдары жолдо бара жатып уюлдук телфонго алаксыса, кээ бири ылдамдыкты көрсөткөн чектен ашырып унаасын башкаргандар. Ыйык Куранда ‟Бир адамды өлтүрүү бардык адамды өлтүргөн менен барабар. Ал эми бир адамды сактап калуу бардык адамзатты сактап калган менен барабар”- деп келет. Мына ошондуктан да ар бир амамдын жаны аманат», — деди Нурбек кары Орунбаев.