Нарындын казысы Мамбетасан Ибраев Кочкор жана Жумгал райондорунун имамдары менен жолукту

Нарын облусунун мусулмандарынын казысы Мамбетасан ажы Ибраев Нарын облусунун Кочкор жана Жумгал районунун имамдарына жыйын өткөрдү.

Жыйында облус казысы Мамбетасан Ибраев алгач анын орун басарлык кызматына жаңы дайындалган Эрик Молдокуловду тааныштырып өттү.

Андан соң, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан келген  буйруктардын жана фатвалардын аткарылышы боюнча маалымат алды.

Ошондой эле имамдарга нике маселеси, азан айтуу, жакшы үн менен айткан азанчы дайындоо, азан жарышын уюштуруу, дин кызматкерлеринин шайлоого, саясатка аралашпоосу жана Кыргызстан Ислам Университети жана КМДБ менен биргеликте өткөрүп жаткан китеп конкурсуна катышуу боюнча тапшырмаларды берди.

«Быйылкы жыл башка жылдарга салыштырмалуу кыйын жыл болду. Бирок ошого карабастан сиздер өз милдетиңиздерди аткардыңыздар. Район борборлорунда, айыл ичинде сиздер баш болгон имамдар өз демилгелери менен кайрымдуулук иштерин дагы жасап, соопчулук иш кылдыңыздар. Кыйын кырдаалга карабай Муфтият, Нарын казыяты тарабынан келген буйруктарга, тапшырмаларды дагы аткардыңыздар. Алдыда президенттик шайлоо келе жатат, саясатка аралашпай, мечиттерде адамдардын ден соолугу үчүн сатык чараларын сактоого чакырыңыздар»,- деди Мамбетасан Ибраев.