“Ассалам” кайрымдуулук фонду Көк-Жаңгак шаарынын элине таза суу чыгарып берет

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу  Көк-Жаңгак шаарынын элине кувейттик жеке ишкер  Абдуллатиф Ахмад  Албари  аттуу жаран “Ассалам” кайрымдуулук  фонду аркылуу таза чыгарууга демөөрчүлүк кылат. Бул тууралуу Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, жер астынан кетүүчү суу түтүктөрүн орнотуу үчүн учурда атайын арык казуу иштери кызуу жүрүүдө. Бул жумуштар толук бүткөрүлгөндөн кийин жергиликтүү тургундар таза суу менен камсыз болушмакчы.

“Ассалам” кайрымдуулук фондунун кыргыз элине жасаган көптөгөн жакшы иштерин көрүп, билип  жүрөбүз. Бул жолкусунда дагы элибизге таза суу тартуулап жатат. Калкыбызга кылган кызматтары кабыл болуп, Жараткан Алла Таалам сообун берсин”,-деди Жунус ажы.