Ош шаарындагы дин кызматкерлерине казыяттын ыраазычылык баракчалары тапшырылды

Бүгүн, 29- декабрда Ош шаарынын борбордук «Имам аль Бухари Алай» мечитинде шаардагы жалпы дин кызматкерлери үчүн жыйын өткөрүлүп, анда жыл ичинде мыкты кызмат көрсөткөн дин кызматкерлерине Ош шаардык мусулмандар казыяты тарабынан ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев баш болгон казыят кызматкерлери жана шаардагы жалпы мечит кызматкерлери катышты.

Аталган жыйында дин кызматкерлери үчүн «Мыкты мечит»,  «Мыкты имам», «Мыкты наиб», «Мыкты мутавали» жана «Мыкты азанчы» деген номинациялар ыйгарылды. Муну менен катар эмгегинен баар таап, мыкты кызмат көрсөткөн 5 имамга ыраазычылык баракчасы тапшырылды. 

Мындай сыйлык өлкөбүздө карантин жарыялангандан баштап, кайрымдуулук иш-чараларын уюштурууда жана казыяттын берген тапшырмаларын өз убагында аткарганы үчүн берилди.