Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев хатибияттын Ардак грамотасы менен сыйланды


Бүгүн, 29-декабрда Ош шаарынын борбордук «Имам аль-Бухари Алай» мечитинде шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев калаадагы жалпы дин кызматкерлеринин Ардак грамотасы менен сыйланды.

Сыйлык Ак-Буура Чыгыш жана Ак-Буура Батыш хатибиятынын имамдары тарабынан берилип, анда динибиздин асыл баалуулуктарын жайылтууда, улуттар аралык ынтымакты бекемдөөдө жана дин кызматкерлеринин ишин илгерилетүүдөгү эмгегин баалап, бул сыйлыкты берүүнү эп көрүшкөн.

«Башкаруу иши мыкты болсо, иштин жыйынтыгы дагы көзгө көрүнүп турат. Ушул убакытка чейин шаарда эч кандай маселе жаралбастан, ынтымакта иштеп келүүдөбүз. Убайдулла ажы ар дайым адилеттүүлүк менен мамиле жасап, шаардагы дин кызматкерлерин башын бириктирип, башкарып келүүдө. Сиздин талыкпай жасап жаткан эмгектериңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз», — деп билдирди «Калкожо Эшан» мечитинин имам хатиби Батыр ажы Гыязов.