Ош облусунда жылдын мыкты казыят жана хатибият кызматкерлери Ардак грамота менен сыйланды

Бүгүн, 29-декабрь күнү Ош облусунун мусулмандар казыятында жыл ичинде мыкты кызмат көрсөткөн кызматкерлерге облус казысы Самидин кары Атабаев Ардак грамота менен сыйлады.

Тактап айтканда, Ош облустук казыятынын иш башкарма башчысы Раушан Жеңишбек уулу жана Ноокат районунун башкы имам хатиби Музаффар ажы Турдубаев казыятынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.

«Жыл сайын жылдын мыкты казыят жана хатибият кызматкерлерин аныктап, грамота менен сыйлап келебиз. Жылдын мыкты кызматкерлерин аныктоо анын 1 жылдык эмгегине таандык. Бул жылы мыкты кызмат көрсөткөн кызматкерлер кийинки жылы дагы жылдын мыктысы боло алат», — деди Самидин кары  Атабаев.