Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев расмий иш сапары менен Нарын облусуна келди

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев расмий иш сапары менен Нарын облусуна келди. Алгач Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы  ыйгарым укуктуу Сабыркул Ашимбаев  менен жолугушуп, облустагы  диний абалды талкууга алышты.

Жолугушууга КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Акин Токталиев, БТК мүчөсү Бакыт ажы  Нурдинов, Нарын облусунун мусулмандар казысы Мамбетасан Ибраев катышты.

Азирети Муфтий өкүл менен жолугушууда дин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз байланышта иштеп, облуста болуп жаткан маселелерди биргеликте чечүү керектигин баса белгиледи. Ошондой эле өкүлгө Ыйык Куран китебин белекке берди.

Ал эми облус өкүлү Сабыркул Ашимбаев Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевге, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Акин Токталиев, БТК мүчөсү Бакыт  Нурдинов, Нарын облусунун мусулмандар казысы Мамбетасан Ибраевге ыраазычылык билдирип өттү.

Акыр заман аалымдар кетип билимсиз адамдар көбөйүп кеткенде келет» дейт. Өзүм аалымдар менен, диний адамдар менен маектешкенди жакшы көрөм. Өзүм дагы дин боюнча кабарым бар, окуп жүрөм, Ислам дининен башка дагы Библиянын котормосун дагы окугам. Ислам динибиз чынында таза дин, Кудайга шүгүрлөр болсун. Сиздер менен канча убакыт болсок баарлашып дагы көп нерсени ала беребиз, сиздердин келгениңиздер мен үчүн чоң сыймык. Баардыгыбыздын багытыбыз бир, бул Кыргыз мамлекетибиздин өнүгүп өсүшү”,-деди Сабыркул Ашимбаев.

Андан соң Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Нарын медресесинин жыйындар залында облустагы жалпы баш имам-хатибдер менен жолугушуп, элди ынтымакка, биримдикке, сабырдуулукка чакыруу керектигин билдирди.  

“Урматтуу имамдар сиздер адамдарга дайым  үлгү болушуңуздар керек. Бизде бир оору бар ал шайтандын мусулмандарды ич ара улуттарга, кыргызсың, өзбексиң, тажиксиң деп ич ара бөлүп ажырымды пайда кылгысы келет. Ошону менен катар уруу-урууларга дагы бөлүнүп жарылмайыбыз бар. Бул жакшы эмес. Бул адаттан арылуубуз керек. Айлык албай иштеп жаткан жергиликтүү имамдардан Аллах ыраазы болсун. Элибизге дуба кылалы”,- деди Азирети Муфтий.

Ал эми КР ДИМК директору Акин Токталиев дин кызматкерлеринин суроолоруна жооп берди, ошондой эле  имамдар эл менен биргеликте иш алып баруусу керектигин билдирди.