Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Тажибай ажы Байтеитов иш сапары менен Жалал-Абад жергесинде болду

Кечээ, 30-декабрда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Тажибай ажы Байтеитов иш сапары менен Жалал-Абад жергесинде болду.

Иш сапардын алкагында Жалал-Абад шаарындагы  Достук кичи районунда жайгашкан  “Достук” жума мечитинде болду. Бул мечит капиталдык ремонтко муктаж болгондугуна байланаштуу заманбап жаңы мечит курулуунун алдында турат.

Мечиттин курулуш иштерине “Ассанабил” кайрымдуулук фондуну демөөрчүлүк кылууда. Иш сапардын алкагында Тажибай ажы Байтеитов аталган фонддун жетекчиси Саид Баюми менен биргеликте жаңы салынган мечиттин долбоорун талкууга алышты.

“Алланын үйү сиз менен биз жардам бербесек да, салым кошпосок да бүтөт буйурса. Бирок жакшылык ишке катышып, соопко шериктеш болуп калалы. Бул жерде сооп кербени жүрүп баратат. Акча-каражатыңыз  менен, кол күчүңүз менен, тамаш-ашыңыз менен, жада калса жакшы сөзүңүз менен кербенге кошулуп, Жараткандын ыраазычылыгын  табыңыз”,-деди Тажибай ажы.