Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев «ОшТВ» телерадио компаниясынын ыраазычылык баракчасы менен сыйланды

Бүгүн, 30-декабрь күнү «ОшТВ» телерадио компаниясы Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаевге «ОшТВ» ТРКсы менен тыгыз кызматташып, калкка руханий азык жеткирүүдө  жана коомдун өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Маалым болгондой, Ош облусунун мусулмандар казыяты «ОшТВ» ТРКсы менен «Жан дүйнө азыгы» программмасынын негизинде журтубузга Ислам дининин асыл баалуулуктарын жеткирүүдө.

Мындан сырткары башка жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары менен да ар кандай программалардын негизинде тыгыз иш алып барууда.