Майлуу-Суу шаарынын мектептеринде кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

28-29-декабрь күндөрү Майлуу-Суу шаардык хатибияты шаардык мэрия, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы,  шаардык ички иштер жана билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте жаш өспүрүмдөр  арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда Майлуу-Суу шаарынын  баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков билдирди.

Анын айтамында, эки күндүн ичинде шаардын аймагындагы бардык (7 мектеп) мектептерге барып ата-энелер менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

“Ислам ынтымактын, биримдиктин, тынчтыктын, бир туугандыктын дини. Ошондуктан балдарыбызды Ислам дини менен тарбияласак эч убакта адашпайбыз. Себеби Ислам дини жакшылыка гана чакырып, бардык жамандыктардан тыят. Кылмыштуулуктун алдын алууда өспүрүмдөргө шарият көрсөткөн жол менен тарбия берсек, бала эч убакта жаман жолго баспайт”,- деди Абсатар ажы.