Чолпон-Ата шаарында да экстремизм жана терроризмге бөгөт коюу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

28-декабрда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Чолпон-Ата шаарында да экстремизм жана терроризмге бөгөт коюу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат ажы Сейталиев билдирди.

Анын айтымында, иш-чараны ички иштер министрлигинин 10-бөлүмү демилгелеп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тартип сакчылары жана Ысык-Көл районунун баш имам хатиби менен имамдар катышты.

Иш-чаранын алкагында радикалдашуунун алдын алуу жолдору талкууга алынып, бул багыттагы иштерди жакшыртуу үчүн сунуш, пикирлер да айтылды.