Ноокен районундагы «Иброхим-Халилуллох» жума мечити жылуулук менен камсыздалды

Жалал-Абад облусунун  Ноокен районуна караштуу Сакалды айыл аймагындагы Чоң-Багыш айылында жайгашкан  «Иброхим-Халилуллох»  жума мечити жылуулук менен камсыздалды. Бул тууралуу Ноокен районунун баш имам хатиби Ашим ажы Абидинов билдирди.

Анын айтымында, мындай иштер аталган мечиттин имамы Курманбек Жолдошевдин демилгеси менен мечитке электр энергиясы  жана от менен ысыта  турган заманбап жылуулук системасы киргизилди.

Курулушка жалпысынан 155, 000 сом акча каражаты сарпталып, ага кеткен каражатты Орусияда эмгектенген айылдын жаштары жана жергиликтүү тургундар демөөрчүлүк кылышкан.