Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев башында турган жумушчу топ Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Иш-чаранын алкагында Азирети Муфтий алгач облус башчысы Элчибек Жантаев менен жолугуп, облустагы диний кырдаал тууралуу пикир алмашты. Ага ылайык Азирети Муфтий облус жетекчилигин дин өкүлдөрү менен тыгыз иш алып барып, колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн иштерине ийгиликтерди каалады. 

“Урматтуу Элчибек Нуржадыевич, биринчиден кызматка жаңы дайындалышыңыз менен куттуктайм. Алдыда дагы мындан да тыгыз иштешебиз деген үмүттөмүн. Буга чейин да Ысык-Көл облусунун жетекчилери диний чөйрөгө көңүл буруп, колдоо көрсөтүп келген. Келечекте бул жол уланат деген ишеничтебиз,”—деди Азирети Муфтий.


Өз учурунда облус башчысы Элчибек Жантаев Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев башында турган жумушчу топ өкмөт өкүлчүлүгүнө баш багып, жолугушууга келгендигине ыраазычылыгын айтып, келечекте да кызматташуу өз нугунда улуна тургандыгын баса белгиледи.

“Дин бул коомчулуктун ажырагыс бөлүгү. Мындан улам облустун мусулмандар казыяты жана башка да конфессиялар менен бирге тыгыз иш алып барып келебиз. Алдыда бул аракеттер дагы да улунат,”— деди өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Эскерте кетсек, эки тараптуу жолугушууга КР ДИМК директору Акин Токталиев, БТК мүчөсү Бакыт ажы Нурдинов жана облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков, казынын орун басары Чойбек ажы Исакунов катышты.