Нарындын казысы Мамбетасан Ибраев Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын району жана Нарын шаарынын имамдары менен жолугуп, бир катар тапшырмаларды берди

Нарын облусунун мусулмандарынын казысы Мамбетасан ажы Ибраев Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын району жана Нарын шаарынын имамдарына жыйын өткөрдү.

Жыйын Нарын шаарындагы Нарын медресесинин жыйындар залында өткөрүлүп, анда облус казысы алгач анын орун басарлык кызматына жаңы дайындалган Эрик ажы Молдокуловду тааныштырды.
Андан соң, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан келген  буйруктардын жана фатвалардын аткарылышы боюнча маалымат алды.

Муну менен катар райондордогу жана Нарын шаарындагы   баш имам хатибтеринин мечит каттоосу, нике маселеси, кыз-келиндер бөлүмүнүн ишмердүүлүгү, азан айтуу, жакшы үн менен айткан азанчы дайындоо, имамдыкты толук алып баруу, азан жарышын уюштуруу, дин кызматкерлеринин шайлоого, саясатка аралашпоосу жана КМДБ менен  Кыргызстан Ислам Университети тарабынан өткөрүп жаткан китеп конкурсуна катышуу боюнча тапшырмаларды берди.

«Жараткан Аллага шүгүрлөр болсун, быйылкы жыл таажы ылаңынын башталышынан бери андан кийин пандемия учуру болуп кыйын жылдардан болду. Кыйын кырдаалга карабастан айлык албай иштеп, эл кызматында болдуңуздар. Сиздерге Алла Таала Өзү ыраазы болсун»,-деди облус казысы.

Муну менен катар облус казысы имамдардын ишмердүүлүктөрү жана жоопкерчиликтери боюнча баяндама жасап, Муфтият, казыят кызматкерлери дайыма үлгү болуусу керектигин билдирди.

«Быйылкы жыл башка жылдарга салыштырмалуу кыйын жыл болду, бирок ошого карабастан сиздер өз милдетиңиздерди аткардыңыздар. Нике кыйууда мыйзам кандай шартта нике кыйууга жол берсе ошол мыйзамдан тышкары чыкпай нике кыйып, каттообуз абзел. Жакында казылардын муфтиятта жыйыны болду. Анда быйылкы Рамазан айында чогултулуучу битир-садакадан түшкөн акчалардын эң көбүн биздин Нарын облусу жөнөткөнү белгилүү болду. Албетте, бул  сиздердин эмгегиңиздер. Мечиттерди салдырып жатканда алардын документтерин кошо бүткөрүү боюнча талап кылып, бардыгын чогу  бүтүрүп алыңыздар.  Алдыда президенттик шайлоо келе жатат, саясатка аралашып, үгүт кампанияларына катышпаңыздар. Мечиттерде адамдардын ден соолугу үчүн сатык чараларын сактоого чакырыңыздар»,- деди облус казысы.