Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Ысык-Көл облусундагы дин кызматкерлери менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү казыяттын кызматкерлери жана район, шаарлардын баш имам хатибтери менен да жыйын өткөрдү. Отурум өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында болуп, аны облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков алып барды. Жыйын алкагында 2020-жылдын жалпы жыйынтыгы чыгарылып, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилүү менен иш-чаранын катышуучуларын түйшөлткөн маселелердин айланасында кеп козголду. Ал эми Азирети Муфтий катышуучуларды калк арасында туура нуктагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен элди ынтымакта болууга, мыйзамды сактоого чакырып, бул багыттагы үгүт-насаат иштерин талыкпастан жүргүзүү керектигин эскертти.

“Дин кызматкерлери жалпы коомго үлгү болоорун жана аларга жоопту экенин эстен чыгарбашыбыз зарыл. Ошол себептен шарияттын талаптарын мамлекеттик мыйзамдарга шайкеш алып баруубуз абзел. Бул абдан маанилүү. Анткени биз карманган Ханафий мазхабында баары ирээти менен көрсөтүлүп, өлкөдөгү баш мыйзамга баш ийүүбүздү шарттайт. Буга ылайык ар бир дин кызматкери ишмердүүлүгүн ирээттеп, кандай гана иш болбосун мыйзам чегинде аткарышы керек”,— деди Азирети Муфтий.

Ал эми  КР ДИМК директору Акин Токталиев алдыдагы иш мерчемдери боюнча маалымат берип, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Жыйын суроо-жооп форматында уланып, катышуучулар мечиттердин электр энергия менен камсыздалышы жана жылуулукка талап кылынган каражаттарды төлөө, фитир-садака жана никени каттоодо журналын жүргүзүү жөнүндө суроолорун беришти.

“Нике кыйууда башаламандык оруна алып, олуттуу көйгөйлөр жаралып баштаганынан улам нике журналын жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алганбыз. Бул багытта тийиштүү талаптар бар. Бирок толук кандуу иш жүрбөй жатат. Мындан улам коомчулук арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, элге нике журналы тууралуу маалыматты жеткиришибиз керек. Бул багытта тийиштүү иштерди имамдар жүргүзүүгө милдеттүү”,— деди Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев.

Ал эми мечиттердин коммуналдык төлөмдөрү боюнча суроого КР ДИМК директору Акин Токталиев төмөнкүчө жооп берди.

“Мечиттерди каржылоо боюнча маселе буга чейин да көтөрүлүп келген. Мындан улам көйгөйдү жоюу багытында КМДБ “Вакф” фондун түзүүнү чечкен. Бүгүнкү күндө ал түзүлүп жатат. Алдыда эми анын ишке кириши менен бул багыттагы маселе чечилет деген ишеничтебиз,”— деди Акин Токталиев.