Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев ыктыярчыларга Ардак грамота тапшырды

Бүгүн, 31-декабрда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстандагы оор кырдаалда коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөткөн бир катар ыктыярчыларга Ардак грамота менен сыйлады.

Сыйлык тапшыруу иш-чарасы Муфтият жана Орус православ чиркөөсү менен биргеликте уюштурулуп, ага Бишкектин жана Кыргызстандын епискобу Даниил, Азирети Муфтийдин орун басары Кадыр ажы Маликов жана ыктыярчылар катышты.

Ыктыярчыларга сыйлык тапшыруу учурунда Азирети Муфтий узап бара жаткан жыл Кыргызстанда гана эмес дүйнөдө оор жылдардан болгонунун белгилеп, өлкөдөгү олку-солку убакта коомдук тартипти так сактоого көмөктөшкөн ыктыярчыларга ыраазычылыгын билдирип, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

“Пайгамбарыбыздын хадисинде: “Адамдардын эң жакшысы – башка адамдарга пайдасы тийгени. Ал эми амалдардын эң жакшысы – башкаларга кубаныч тартуулоо” – деген. Сиздер дайыма бардык тармактарда бош убактыңыздарды коомдун пайдасы үчүн арнап, эч кандай каражат күтпөстөн күч органдарынын кызматкерлерине ар тараптан, колдон келишинче жардам бердиңиздер. Бул кызматыңыздарга Жараткан Алла Таалам эбегейсиз соопторду берген болсун»,-деди Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев.