Манас районунда жардамга муктаж 48 үй — бүлөгө азык-түлүк таратылды

Кечээ, 30 – декабрда Бишкек шаарындагы кайрымдуу эр азаматтардын колдоосу менен Манас районундагы жардамга муктаж  48 үй-бүлөгө азык-түлүктөр таратылды. Бул тууралуу Манас районунун баш имам Хатиби Миржалал ажы Дадабаев билдирди.

Анын айтымында, мындай соопчулук иш буга чейин дагы берилип келген. Бул жолкусунда Кара – Арча, Баласаруу, Пакровка, Май айылдарынын жардамга муктаж 48 үй-бүлөнүн ар бирине 10 кг ун, 5л май, 5 кг  макарон, 3 кг  күрүч, 3 кг кум шекер жеткирилип берилди.

“Алла Таала ушул ишке демөөрчүлүк кылган бир туугандарыбыздын иштерине ийгилик берсин. Үй – бүлөлөрүнө бейкутчулук ыроолоп, эч нерседен кем кылбасын. Келе жаткан жылда дагы сиздердин демөөрчүлүгүңүздөр менен дагы көп – көп иштерди бүтүрөбүз деген ниеттебиз. Ушул иштерге көпүрө болуп ортодогу алаканы түзүп берген Израил Ибраимов бир тууганыбызга Аллах ыраазы болсун. Үй – бүлөсүнө ынтымак, өзүнө узун өмүр берсин”, – деди Миржалал ажы Дадабаев.