Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев тубаса «прогерия» оорусу менен жабыркаган Рамазан жана Исламдын үйүнө зиярат кылды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Каракол шаарынын эки тургуну, тубаса «прогерия» оорусу менен жабыркап келген Рамазан жана Исламдын үйүнө да  зиярат кылды.

Аталган балдар дүйнө жүзүндө сейрек кездешкен оору менен жабыркап келишет. Убактыларын текке кетиришпей пластелинден жомоктогу ар кандай каармандарды жасап, көл калаасындагы ыктыярчылардын жардамы менен кыска метраждуу мильтфильмдерди жасашат.

Алардын эмгеги Интернет айдыңына бат тарап, эл арасында алкоолорго арзый баштаган. Рамазан менен Исламдын кол өнөрчүлүгүн Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев дагы байкап, буга чейин ыйык кааба менен боз үйдү жасап берүүгө буйрутма берген.

Өз кезегинде жаш таланттар аталган өтүнүчтү  убагында аткарышып, Азирети Муфтийдин келишине даярдап коюшту. Иш-сапардын жүрүшүндө  Максатбек ажы Токтомушев Рамазан менен Исламдын үйүнө барып, алар менен жолугуп, баарлашып, ала келген белектерин тапшыруу менен аткарылган буйрутмага жогору баасын берип өттү.

“Рамазан менен Исламга жакында эле буйрутма бергенбиз. Аллах ыраазы болсун жаш кол өнөрчүлөр аны тез аранын ичинде эле аткарып коюшуптур. Биздин сураныч менен балдар ыйык кааба  жана боз үйдү жасашты. Ма шаа Аллах! Буйрутмалар аябай жакшы аткарылыптыр. Эми бул кол эмгектерди биз Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына жайгаштырып, келген меймандарга көрсөтүп, аларды ким жасагандыгы тууралуу айтып турмакчыбыз. Балдарга чың ден соолук каалап, дуа да кылып турабыз”,— деди  Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев.

Айта кетсек, Рамазан менен Ислам сейрек кездешкен, улгайууга бат алып келе турган “прогерий” илдетинен жабыркап келишет. Алар кичинекей баладай көрүнгөнү менен жаш курагы чоң эле балдар. Ислам 20 жашта болсо, Рамазан 11 жашта. Бирок жаш кол өнөрчүлөр аталган дартка моюн сунбай, өздөрүнө жаккан иш менен алектенип келишет.