Талас облусунда жаштар арасындагы радикализмге каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Талас облусунда КР ИИМ экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери, эксперттер жана дин кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин өткөрдү.

Бул иш – чарага Талас облусунун казыяттын иш башкармасынын жетекчиси Медер ажы Сагынбаев, Талас шаарынын баш имам хатиби Алтынбек Бешкемпиров, жергиликтүү имамдар, укук коргоо органдары, социалдык мугалимдер, активдүү жаштар катышышты.

Жыйындан жүрүшүндө экстремизм, терроризм түшүнүгү, Кыргызстандын аймагында тыюу салынган уюмдар жана алардын терс таасири, статистикалык маалыматтар көрсөтүлдү. Ошону менен бирге өзгөчө жаштар арасында фейк, жалган маалыматтардын таркоосу күч алып жаткандыгы турасында маселелер козголуп, муну алдын алууда тиешелүү чараларды көрүү керектиги айтылды.

КР ИИМ экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкери – Манас Аманбаевдин айтымында, учурда өлкөдө диний абал туруктуу.

«Акыркы убактарда социалдык тармак аркылуу жалган маалыматтар көп чыгып, өзгөчө жаштардын радикалдашуусуна таасир берип жатат. Соц желеге жалган маалыматтардын туура же туура эместигин, расмий булактардан чыгып жатакандыгын таразалабастан туруп жарандар экстремисттик, террордук уюмдардын чакырыктарына бат кирип кетүүдө. Ошол себептен бүгүн ар бир жерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү мындан ары да күчтөндүрүү зарыл”,-деди Аманбаев.