Ысык-Көл облусунда дагы 9 имам билимин жогорулатып, сертификаттарга ээ болушту

Ысык-Көл облусунун мусулмандар казыяты тарабынан демилгеленип, уюштурулган имамдардын билимин жогорулатуу багытындагы курстардын экинчи айлампасы жыйынтыкталды.

Ага облус аймагынын бардык район, шаарларынан 9 имам катышып, 10 күн аралыгында ханафий мазхабы, фыкх, акыйда боюнча сабактарды өтүштү жана ыйык Куранды тажвид эрежеси менен окууну өздөштүрүштү.

Окуу курстар Жети-Өгүз районунун борбордук мечитинде орун алып, сабактарды облустук казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Талгат Соноев, Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу жана шариат адистери Данияр Алышбаев менен Максат Кадырбеков өттү.

Жыйынтыгында ар бир имамга аталган окууну ийгиликтүү бүтүргөндүгүн тастыктаган сертификаттар тапшырылып, иш-чаранын уюштуруучулары катышуучуларга ийгиликтерди каалоо менен бирге алган билимдерин өз алдынча да өркүндөтүүгө амал кылууга чакырып кетишти.

“Урматтуу имамдар 10 күн аралыгында алган билимиңер пайдалуу болду деген ишеничтебиз. Сертификаттар кут болсун. Бирок эскерте кетчүү жагдай аталган сертификаттар менен башкаларга сабак бере албайсыздар. Муну эстен чыгарбоо керек. Ал болгону сиздерди билимин жогрулатуу багытында окуу курстарына катышты дегенди гана билдирет. Ошондой эле эми окуунун жүрүшүндө алган билимиңиздердин негизинде амалдарды кылып, дагы да өөрчүтүүгө аракет кылыңыздар”,— деди облустук казыяттын үгүүт-насаат жана билим берүү бөлүм адиси Талгат Соноев.