Ош шаарында алгачкы жолу дүлөйлөр үчүн жума баяны өткөрүлдү

 Ош шаарынын Ак-Буура чыгыш хатибиятына караштуу «Мажүрүмтал» мечитинин имамы Медер ажы Кадыровтун демилгеси менен шаардагы дүлөйлөргө жума баяны жеткиликтүү болуусу үчүн атайын котормочу аркылуу түшүндүрүлүүдө. 

«Дүлөйлөр угуу мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, аларга мечиттин биринчи кабатынан атайын бир бөлмө ажыратылып, ал жерде котормочу аркылуу жума баянын жеткиликтүү түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Жума намазынан кийин мечит жамааты тарабынан даярдалган сый-тамак да берилүүдө»,- деди Медер ажы Кадыров.

 Айта кетсек, бул иш-чара башталганына бир айдан ашты. Котормочунун жол акысы жана бөлгөн убактысы үчүн айлык маяна чыгарып берүүнү да сүнүшталган. Бирок, ал досторуна өз каалоосу менен кызмат кылууга даярдыгын билдирген.

Бул иш-чаранын натыйжасында дүлөйлөрдүн туура эмес диний агымдарга кирип кетүүсүн алдын алат. Учурда жума баянын угуу үчүн шаарга жакынкы райондордон да дүлөйлөр келип, алардын саны 50дөн ашкан.