Ош шаарында өрттөн жабыркаган тургунга 50 000 сом тапшырылды

Кечээ, 3-январь күнү Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев «Манас-Ата»  муниципалдык аймактык башкармалыгынын У. Салиева көчөсүндө тилсиз жоодон турак-жайы жараксыз абалга кептелген жарандын үйүнө жергиликтүү имамдар менен биргеликте зыярат кылып, казыят тарабынан 50 000 сом тапшырылды. 

Убайдулла ажы Сарыбаев жана жергиликтүү имамдар жалгыз бой аялдын үйүн оңдоп берүүгө жардам көрсөтүп жаткан усталарга ыраазылыгын билдирип, аларга колдон келишинче жардам берээрин айтып өттү. 

«Сиздер өрттөн жабыркаган кошунаңыздар үчүн жардам колун сунуу менен мусулмандык жана кошуналык милдеттериңиздерди аткарып, сооп иш жасап жатасыздар. Чындыгында мусулман мусулмандын бир тууганы»-деди Убайдулла ажы Сарыбаев.  

Айта кетсек, «Манас-Ата» МАБ жана «Туран» МАБдарындагы турак жайы өрттөнгөн эки үй-бүлөгө жардам берүү үчүн Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу жума окулуучу мечиттер тарабынан 1-январь күнү акча чогултулган эле.