Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин кезектеги расмий иш сапары Чүй облусунда уланды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев расмий иш сапары менен Чүй облусуна келип, облустагы диний кызматкерлерге жыйын өтүү менен биргеликте, аймактагы диний абал менен жеринде таанышты.

Аталган иш-чара Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтүп, ага КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Акин Токталиев, БТК мүчөсү Бакыт ажы Нурдинов, Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов, казыят кызматкерлери, райондук баш имам хатибтер, диний медресе жана институттардын мүдүрлөрү жана аксакалдар катышышты.

Жыйын алкагында КМДБ тарабынан учурда аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилип, алдыга коюлган максаттар жана иш мерчемдер талкууланды. Жыйындын катышуучулары өздөрүнө тиешелүү баяндамаларын жасап, имам жана мүдүрлөр тараптан берилген суроолорго жооп беришти.

Азирети Муфтий өз сөзүндө имамдардын жоопкерчиликтери тууралуу сөз кылып, ата-бабаларыбыздан бери, урпактан урпакка өтүп келе жаткан Ислам динибиздин баалуулуктарына кенен токтолду.

«Аллах Таала адам баласына адамдык туубаса касиеттердин эң жогорку даражасына жетүү үчүн Ислам динин берген. Ислам дини алгач ар бир жандыктын укугун сактап, жалпы элге пайда алып келүү менен биргеликте, өзүнүн ички дүйнөсүн да унутпоого чакырат. Кудай Тааланын астында бийлигибиз, мансап-ордубуз, же байлыгыбыз менен айырмаланбайбыз. Албетте, Жараткан Аллахтын астында Кудайдан болгон коркуу жана такыбачылык менен айырмаланабыз»,-деди Азирети Муфтий.

Ал эми КРнын ДИМКнын директору Акин Токталиев алдыдагы иш мерчемдери жөнүндө маалымат берип, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Жыйын соңунда казыят жана жергиликтүү дин кызматкерлери тарабынан ой пикирлер, көйгөйлөр айтылып, суроо-форматында уланды.

Эскерте кетсек, Азирети Муфтийдин мындай форматтагы жергиликтүү казыят жана дин кызматкерлери менен жолугушуусун өлкөнүн бардык казыятында болуп өттү.