Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевтин кезектеги иш сапары Чүй облусунда уланды. Иш-чаранын алкагында Азирети Муфтий облус башчысы Мирбек Мияров менен жолугуп, облустагы диний кырдаал тууралуу пикир алмашты.

Азирети Муфтий өз сөзүндө облус жетекчисине ийгилик каалап, алдыга койгон максаттарына жетүүнү каалады.

«Мамлекетибиздин көпчүлүк катмары Ислам динин тутунуп келет. Буга чейин облус ичиндеги диний кызматкерлер менен мамлекеттик кызматкерлер тыгыз иш алып баргандыгына байланыштуу, Чүй облусу көп улуттуу, көп конфессиялуу болгонуна карабай ар дайым тынчтык жана биримдикте жашап келишет. Бул да болсо сиздин өтө чоң салымыңыз. Мындан ары да ушундай нукта иш алып барууңузга тилектешпиз»,-деди Азирети Муфтий.

Ал эми облус жетекчиси Мирбек Мияров өз ыраазычылыгын билдирип, мындан ары да биргеликте иш алып бараарын баса белгиледи.

«Сиздердин келип кеткениңиздер өтө жакшы нерсе. Албетте, буга чейин да, эми мындай кийин да облус үчүн, мамлекет үчүн тыгыз иш алып бара беребиз. Биздин эшик сиздер үчүн ар дайым ачык. Кандай маселе болбосун биргилишеп чечкенге даярбыз», — деди Мирбек Мияров.

Эскерте кетсек, эки тараптуу жолугушууга КР ДИМК директору Акин Токталиев, БТК мүчөсү Бакыт ажы Нурдинов, облус казысы Руслан ажы Жумагулов катышты.