Азирети Муфтий Бишкек шаарындагы дин кызматкерлери менен жолугушуп, 2021-жылдагы пландар биргеликте талкууланды

Бүгүн, 5-январда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бишкек шаарындагы «Имам Сарахси» атындагы борбордук башкы мечитинде шаардагы имам хатибдер, медресе мүдүрлөрү жана дин кызматкерлери  менен жолугушту. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Акин Токталиев, Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев жана БТК мүчөсү Бакыт ажы Нурдинов катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Азирети Муфтий 2020-жылдагы имамдардын жасаган ишмердүүлүктөрүнө ыраазычылык билдирип, 2021-жылы дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратуу керектигин билдирди. Муну менен катар имамдар жалпы коомчулуктун, мамлекетибиздин тынчтыгын сактап, элди ынтымакка, сабырдуулукка чакырууда орду жогору экендигин баса белгиледи. 

«Имамдар коомчулукка үлгү болуусу керек. Биз имамдар, бир гана жума күнү эле михрабда пайгамбарыбыздын (САВ) мураскору эмеспиз. Андыктан Ислам дининин асыл баалуулуктарын коомчулукка жеткирүүдө ар бирибиз аракет кылышыбыз зарыл. Мамлекетибиздин тынчтыгы менен бүтүндүгүнө салым кошуп, элибиздин, айрыкча жаштарыбыздан тарбиясына маани берели»— деди Азирети Муфтий.

Ал эми ДИМК  директору  КМДБ  менен тыгыз иш алып барып, өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн биргеликте иш алып баруу керектигине токтолду.