Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында 200 кишиге ылайыкталган жаңы мечит курулууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында жаңы мечит курулууда. Мечит 200 кишиге ылайыкталып, бардык шарттары каралган. Бүгүнкү күндө аталган мечиттин дээрлик 70 пайызы бүткөрүлүп, аны жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул туурасында  аталган мечиттин курулушун демилгелеп, ишке ашырып жаткан Кызыл-Суу айылынын тургуну Кадыбек ажы Байдөөлөтов билдирип, мечиттин ачылышын үстүбүздөгү жылдын орозо айт майрамына мерчемдеп жатышканын маалымды.

“Бул мечиттин курулуш иштери былтыр март айында башталган. Долбоорго ылайык аны 2020-жылдын декабрь айынын аягына чейин аякташыбыз керек эле, бирок пандемияга байланыштуу курулуш иштери солгундап, белгиленген мөөнөттөн өтүп кеттик. Ушул жылдын жаз айларында мечитти колдонууга беребиз деп пландап жатабыз,” — деди   айыл тургуну.

Кадыбек ажы Байдөөлөтов үй-бүлөсү менен бирге демилгелеген мечиттин курулушун “Ассанабил” кайрымдуулук фонду колдоого алган.

“Буга чейин биз жамаатыбыз менен намазканаларда ибадатыбызды кылып жүрдүк. Тилекке каршы туруктуу имаратыбыз болбогондуктан ары-бери көчүп калдык. 2012-жылы ажылык сапарга аттанып, Меккеде жүргөндө мечит салууну көксөп келдим.  Аллах Таалам буюруп үй-бүлөм менен кеңешип, кыялымды орундатууга белсендим. Аллахтын каалоосу менен демөөрчүлөр да табылып, “Ассанабил” кайрымдуулук фонду колдоого алды. Ал эми калган чыгымдарды мен үй-бүлөм менен бирге жана жергиликтүү демөөрчүлөрдүн көмөгү аркылуу каржылап жатабыз,”—деди айыл тургуну.

Белгилей кетсек, Кызыл-Суу айылы Ысык-Көл облусундагы калктуу аймактардын катарына кирет. Айылда болжол менен 21 миңден ашуун киши жашаса, алардын басымдуу бөлүгү ислам динин туткандар.