Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев президенттик шайлоодо жана референдумда №1063 шайлоо участкасында добуш берди

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 10-январда, Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча Референдумда ордо калаадагы №95 орто мектебиндеги №1063 шайлоо участкасында добуш берди.

Азирети Муфтий добуш берип чыккандан кийин бул шайлоонун тынч өтүүсүнө тилектештигин билдирип, мамлекетибизге, эл журтка амандык, биримдүүлүк жана ынтымак каалады.