Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Кабылбек ажы Акматов, Тажибай ажы Байтеитов иш сапары менен Аксы районунда болушту

Бүгүн, 12-январда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү  Кабылбек ажы Акматов жана Тажибай ажы Байтеитов илимий сапары менен Жалал-Абад облусунун Аксы районунда дин кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу Аксы районун баш имам хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков билдирди.

Анын айтымында, имамдар менен жолугушууда дин аалымдары 2020-жыл оор жылдардан болгонуна карабастан дин кызматкерлери өз ишин так аткарып, алгылыктуу иштерин баса белгилешип, ыраазычылыктарын билдиришти.

Ошону менен бирге мамлекетибиздин  тынчтыгы жана өнүгүүсү үчүн 2020-жыл ичинде  Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү өлкөбүздүн бардык аймактарына иш сапары менен кыдырып,  жергиликтүү бийлик жана дин кызматкерлери менен жолугушуп тургандыгын белгилеп  өтүштү.

Жыйын соңунда Кабылбек ажы Акматов жана Тажибай ажы Байтеитов дин кызматкерлеринин мындан аркы ишине ийгиликтерди каалап, имамдардын суроолоруна жооп беришти.