Сузак райондук хатибияты 20 имамга ыраазычылык баракча менен сыйлады

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук хатибияты райондогу дин кызматкерлеринин КМДБнын, облустук  казыяттын жана  хатибияттын буйруктарын өз убагында, так  аткарууда активдүүлүгүн көрсөткөн имамдарга ыраазычылык каты тапшырылды.

Бул тууралуу ройондун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов билдирди. Анын билдиргенине караганда, райондо 14 айыл округ бар жана жалпысынан 207 имам эмгектенет.

2020-жылдын жыйынтыгы менен эл арасында жигердүү кызматташканы үчүн 20 имамга Ыраазычылык кат  тапшырылды.

“Сузак райондук хатибияты бир нече жылдардан бери айыл аймак жана айылдардын имамдары менен кызматташып келе жатабыз. Кандай гана учур болбосун имамдар ар бир тапшырмаларды өз убагында так аткаруунун аракетинде болушту. Ошондой эле районубузда көп улуттуу калк жашагандыгына байланыштуу ынтымакка, биримдикке чакырууда өздөрүнүн зор салымдарын кошуп келишет”,-деди Жунус ажы.