Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закиров казынын орун басары Давран ажы Жунусалиевдин апасынын көзү өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 13-январда Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закиров  Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысынын орун басары Давран ажы Жунусалиевдин апасынын көзү өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты.

Урматтуу Давран ажы! Апаңыздын дүйнө салышына байланыштуу чын жүрөгүмдөн көңүл айтамын.  «Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз»,   “Ар бир жан өлүм даамын татат…”

Кайрат кылыңыз, сиздей динге ак дилден кызмат кылган уулду төрөп, тарбиялап, өстүргөн маркум апаңыздын жаткан жерин жайлуу, топурагы торко болсун. Алла Таала сизге күч-кубат берсин. Жараткан Өз ырайымына алып, Жаннаттын төрүнөн орун насип кылуусун Алладан тилеймин.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын атынан, жеке өзүмдүн атыман, облустук мусулмандар казыятынын атынан жана облустагы жалпы дин кызматкерлеринин атынан сизге, үй-бүлөңүзгө жана бир туугандарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закиров.