Ош шаардык мусулмандар казыятында 2021-жылы аткарылуучу иштер талкууланды

Ош шаардык борбордук «Имам аль-Бухари Алай» мечитинде шаардык казыяттын кызматкерлери, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү жана укук коргоо органдарынын катышуусунда жыйын өтүп, анда 2021-жылга карата аткарылуучу иштер талкууланды.

Иш-чаранын алкагында жеке объектилерде жайгашкан 8 намазкананы мечит катары каттоодон өткөрүү жана шаардагы Ак-Буура Батыш, Ак-Буура Чыгыш хатибияттарын каттоодон өткөрүүнү талкуулашты.

«Шаардагы жалпы мечиттер мамлекеттик каттоодон өткөн. Ар кандай объектилерде жайгашкан 8 намазкананы дагы мечит катары каттоодон өткөрсөк, Ош шаардык мусулмандар казыятынын ишмердүүлүгү башкалар үчүн үлгү болот» — деди ДИМК ТАБнын жетекчиси Исакбай Мурзабеков

Эске салсак, Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу 80 мечит мамлекеттик каттоодон өткөн.