Ош облустук казыятында райондун башкы имам хатибтерине 2021-жылга карата аткарылуучу иш планды талкууга алышты

Кечээ, 13-январь күнү Ош облусунун мусулмандар казыятында райондун башкы имам хатибтерине жыйын өткөрүлүп, 2020-жылдын артыкчылыктары менен кемчиликтери жана 2021-жылга карата аткарылуучу иш-паланы талкууланды.

Жыйынга Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, орун басары Нурбек кары Орунбаев, казыяттын эмгек жамааты жана облуска караштуу райондун башкы имам хатибтери катышты.

Жыйын алгач маркумдардын урматына Куран окуу менен башталып, андан соң Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев 2020-жылдын казыяттын ишмердүүлүгү жана аткарылбай калган жумуштарга токтолуп, 2021-жылы жаңы иш пландарды түзүү боюнча казыяттын эмгек жамааты менен райондун башкы имам хатибтерине бир канча тапшырмаларды берди.

“2020-жыл оор жылдардан болду. Ошентсе да колубуздан келген иштерди жасап, бир канча иш-чараларды өткөрүүгө житештик. Ислам динин негизги баалуулуктарын журтубузга жеткирүүдө бардыгыбыздын милдетибиз чоң. Мына ошондуктан ар бирибиз мыкты иш алып барууга милдеттүбүз”, -деди Самидин кары Атабаев.

Ошондой эле  облус казысы кызмат орду аманат экенин баса белгилеп, төмөнкү багытта ишмердүүлүктү улантуу зарылдыгына токтолду:

  1. Нике журналын колдонуу;
  2. Имамдардын ай сайын берип туруучу отчетторун толук камсыздоо;
  3. Каттоодон өтпөй жаткан мечиттерге олуттуу көңүл буруу;
  4. Имамдардын коомдук тармактарда активдүүлүгүн күчөтүү;
  5. Имамдардын билим деңгэлин арттыруу жана бул жаатта КМДБ жана Ислам Университети тарабынан уюштурулуп жаткан китеп окуу конкурстарына катышуу;
  6. Акыйда илимин тереңдетүү.