Самидин кары Атабаев: Берешендик береке алып келет

Кечээ, 13-январь күнү Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагына караштуу «Кашкалдак» мечитинде Кашкалдак мечитинин жамааты менен жолугушуп,  аларды ынтымакка, биримдикке жана улууларды урматтоого чакырды.

Иш-чарага Ноокат районунун башкы имам хатиби Музаффар ажы Турдубаев, жергиликтүү имамдар жана айыл тургундары катышты.

«Биздин кыргыздын каада-салтында аталарыбыз кары-картаңдардын алып келишкен. Аксакалдардын, улуулардын батасын алуу бүгүнкү күндө жоголуп баратат. Чындыгында берешендик береке алып келет. Биз муктаждарга бирди берсек Аллах Таалам эселеп кайтарып берет. Улууларды, илимдүүлөрдү урматтап, алардын батасын алууну жандандыралы», — деди Самидин кары Атабаев.