Кыргызстанда бир жылда 15119 үй-бүлө шарияттык нике каттоо журналына катталган

2020-жылы республика боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан бирдиктүү шарияттык нике каттоо журналына 15119 үй-бүлөнүн никеси катталган.

Нике каттоо журналы төмөнкү максатты көздөйт:

• Мусулмандардын шарияттык никеге туруусун каттоого алуу жана өлкөдөгү үй-бүлө институтун бекемдөө;

•  Үй-бүлө баалуулуктарын жайылтуу жана нике, талак, нафака маселелерин кеңири түшүндүрүү аркылуу ажырашуулардын  алдын алуу;

•  Өлкө боюнча сапаттуу жана бирдиктүү нике кыюуну жолго салуу жана нике кыйган дин кызматкердин жоопкерчилигин күчөтүү;

•  Күйөө никедеги милдеттерин аткарбаган учурда аялдардын шарияттык, мүлктүк, мурастык укуктарын сакталуусун камсыздоо;

• Жубайлар ортосунда сүйүү, мээрим жана байыр алууну, келечек урпакты көбөйтүү, абийирди, намысты сактоо.

Нике каттоо журналына каттоодо имамдар никеге туруп жаткан жубайлардын өздүгүн тактоочу паспортторун талап кылат жана мыйзамга ылайык, 18 жашка толгон жарандарга гана шарияттын негизинде нике кыюу  жөрөлгөсүн  жүргүзөт.

Эскерте кетсек, нике каттоо журналы Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин 2016-жылдын 21-ноябрындагы буйругунун негизинде иштелип чыгып, 2019-жылдын 12-июнунда ишке берилген. Шарияттык нике каттоо журналы бир гана КМДБнын түзүмүндөгү расмий дин кызматкерлерине атайын окутуудан өткөндөн кийин гана тапшырылат.