Акимжан ажы Эргешов: «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурсу быйыл дин кызматкерлери үчүн уюштурулууда

Бүгүн, 14-январда, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешовдун катышуусунда Ош шаарынын борбордук «Имам аль-Бухари Алай» мечитинде шаардагы жалпы дин кызматкерлери үчүн жыйын өтүп,  анда дин кызматкерлеринин диний билимин жогорулатуу, Ханафий мазхабын боюнча окууларды уюштуруу маселелери каралды.

Муну менен катар КМДБ жана КИУ тарабынан уюштурулуп жаткан «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурсу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Конкурс үчүн жарыяланган китептер дин кызматкерлери үчүн маанилүү. Конкурсту уюштуруудагы эң башкы максат дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу»,-деди Акимжан ажы Эргешов.
 
Ошондой эле КМДБнын окуу бөлүм башчысы дин кызматкерлерин бул конкурска активдүү катышууга чакырып, билимдүү инсанга дүйнө жарык экендигин билдирди.

«Чыныгы сыйлык акыретте. Биз өз ишибизге жоопкерчиликтүү болуу үчүн да ушул китептерди окуубуз керек. Бул китеп окуу конкурсу жылдагы конкурстан  өзгөчө уюштурулууда. Атайын дин кызматкерлери үчүн чоң иш-чара уюштурулуп жаткандан кийин аны пайдаланып калуу керек. Бул да болсо чоң мүмкүнчүлүк. Өлкө боюнча дин кызматкерлеринин бул конкурска катышуусу алардын диний билимин жогорулашына себеп болот» — деди КМДБнын окуу бөлүм башчысы.

Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети КР диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын талабын ылайык диний кызматкерлердин билим деңгээлин жогорулатуу максатында «БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК» аттуу китеп окуу конкурсун жарыялайт.

Баш байге: БИР БӨЛМӨЛҮҮ БАТИР.

Катталуу мөөнөтү: Конкурска каттоо 20-февралга чейин уланат. Сынак 27-февраль күнү өткөрүлөт.

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ЖАНА АНЫН БАГЫТТАРЫ:

•             Мечит имамдары жана диний кызматкерлер Фикх китеби боюнча;

•             Окуу жай устаздары Усул хадис китеби боюнча;

•             Диинй окуу жай студенттери, бүтүрүүчүлөрү, теологдор Усул фикх китеби боюнча.

Курани Карим (карылар үчүн):

1-орун 50 000 сом

2-орун 40 000 сом

3-орун 30 000 сом

4-орун 20 000 сом

5-орун 10 000 сом

Фикх (имамдар үчүн):

1-орун 50 000 сом

2-орун 40 000 сом

3-орун 30 000 сом

4-орун 20 000 сом

5-орун 10 000 сом

Усул фикх (студенттер үчүн):

1-орун 50 000 сом

2-орун 40 000 сом

3-орун 30 000 сом

4-орун 20 000 сом

5-орун 10 000 сом

Усул хадис (мугалимдер үчүн):

1-орун 50 000 сом

2-орун 40 000 сом

3-орун 30 000 сом

4-орун 20 000 сом

5-орун 10 000 сом

ЭСКЕРТҮҮ:

•             Конкурска катышуу үчүн окурман бул китептердин бирөөсүн тандап, катталуу керек.

•             Төрт китептин жеңүүчүлөрү баш байгеге чүчүкулак тартылат.

•             Куран Карим боюнча 30 параны толук жаттаган карылар (хафиздер) гана катыша алат.

СУРАП БИЛҮҮ ҮЧҮН БАЙЛАНЫШ НОМЕРЛЕРИ:

0555 40 60 28

0222 41 42 43

КИТЕП САТЫП АЛУУ ҮЧҮН  БАЙЛАНЫШ НОМЕРЛЕРИ:

0500 899 599

0220 899 599