Ноокатта дин кызматкерлерине «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурсу боюнча маалымат берилди


 

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов Ноокат районунун имамдары менен жолугушуп, имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында өткөрүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Ош облустук  казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол ажы Бакиров, Ноокат районунун башкы имам хатиби Музаффар ажы Турдубаев, Ислам Университетинин  окутуучусу Шермухаммад Акматжан уулу жана жергиликтүү имамдар катышты.

Иш-чарада Акимжан ажы Эргешов имамдардын илим деңгээлин жогорулатуу максатында өткөрүлүп жаткан ар кандай иш-чаралар менен анын ичинде «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурсу боюнча түшүндүрмө берди.

«Муфтият Ислам Университети менен биргеликте «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурсун уюштурууда. Мечит имамдары жана диний кызматкерлер Ислам укуктары (фикх) китебинен катыша алышат. Бул китептер аркылуу күн сайын мечиттерде баяндарды өтсө болот. Муфтияттын карамагында үч миңден ашуун имамдарыбыз бар. Бардык имамдар  катышат деп үмүт кылабыз»,- деди Акимжан ажы Эргешов.

Ал эми Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев имамдардын кызмат ордун аманат экенин баса белгилеп, аталган китептерди пайдаланууга чакырды.

«Өнүккөн өлкөлөрдө ар кандай коомдук жайларда китеп окушат, а бизде болсо телефон чукуп, убактысын өткөрүшөт. Дүйнөлүк рейтингде да китеп окуу боюнча артта экенибиз баарыбызга маалым. Бүгүндөн тарта өзүбүз баш болуп жок дегенде бир 1-2  китеп окуйлу»,-деди облус казысы Самидин кары Атабаев.