Араван районунун имамдарына илим алуунун зарылдыгы боюнча жыйын өткөрүлдү

Кечээ, 15-январь күнү КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов Ош облусуна караштуу Араван районунун борбордук мечитинде имамдарга «БИЛМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК» аттуу окуу конкурсу боюнча маалыматтарды берди.

Иш-чарага  Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол ажы Бакиров, Кыргызстан Ислам Университетинин окутуучусу Шермухаммад Акматжан уулу, Араван районунун башкы имам хатиби Алибек ажы Жусупов, хатибият кызматкерлери, медресе мүдүрлөрү жана жергиликтүү имамдар катышты.

Жыйында Акимжан ажы Эргешов имамдардын коомдогу ордун баса белгилеп, илим алуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

«Мечитке келген ар бир инсан сиздердин кыймыл аракетиңиздерге, кылган амалдарыңыздарга жана айткан сөздөрүңүздөргө маани берет. Мурда көп деле көйгөй жок болчу. Бирок өнүккөн технологиянын жардамы менен шарияттын өкүмдөрү да өз деңгээлине жараша берилип жатат. Ар кандай суроо талаптарды далили менен сураган мезгил. Бул китептер ар кандай суроолорго далили менен жооп берет. Сиздерге аябай пайдалуу болот деген үмүттөмүн»,- Акимжан ажы Эргешов.

Ошондой эле Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев илим алуу учурдун талабы экенин баса белгиледи.

«Илимди бешиктен кабырга чейин алуу керек. Кыргыздын жакшы сөзү бар «Токум экпесе эгин чыкпайт, китеп окубаса илим жукпайт» деген. Китеп окуган өлкөлөрдүн бардыгы өнүгүп келе жатат. Биз дагы бир жумага, болбой калса бир айга болсо да бир китеп окуйлу. Илим алуу учурдун талабы экенин унутпоо керек», -деди облус казысы.