КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов Араван районунун жаңы имараты менен таанышты

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын  окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов жакында эле пайдаланууга берилген Араван хатибиятынын жаңы имараты менен таанышты.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол ажы Бакиров, Кыргызстан Ислам Университетинин окутуучусу Шермухаммад Акматжан уулу жана Араван районунун башкы имам хатиби Алибек ажы Жусупов катышты.

Хатибияттын ишмердүүлүгүн жакындан таанышуу учурунда Акимжан ажы Эргешов жаңы хатибияттын мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

«Жаңы конушуңуздар куттуу, берекелүү болсун. Имарат аябай мыкты деңгээлде салыныптыр. Сапаты да мыкты экен. Эми болсо Аравандагы диний көйгөйлөрдү чечип, журтубузга кызмат кылыңыз»,- деди Акимжан ажы Эргешов.