Кара-Сууда «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу окуу конкурсу боюнча маалыматтар берилди

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун борбордук мечитинде имамдарга жыйын болуп, «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу окуу конкурсу боюнча маалыматтар берилди.

Иш-чарага КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол ажы Бакиров, Кыргызстан Ислам Университетинин окутуучусу Шермухаммад Акматжан уулу, Кара-Суу районунун башкы имам хатиби Абдирашит ажы Батыров, хатибият кызматкерлери, медресе мүдүрлөрү жана жергиликтүү имамдар катышты.

Иш-чарада Акимжан ажы Эргешов дин кызматкерлерин «БИЛМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК» аттуу окуу конкурсуна активдүү катышууга чакырып, билим сапатына токтолду.

«Имамдын эң күчтүү куралы бул — билим. Билими жок калаксыз кайыка олтуруп калган сыяктуу. Калаксыз кайыка олтурсыңыз, деңиз сизди өзү каалаган тарапка сүрүп барат. Дал мына ушундай билимибиз жок элдин арасына кирип калсак, эл өзүнүн айтканын калчап олтуруп, өзү каалаган жээкке сүрүп салат. Баарыбыз зарыл болгон китеп куралыбызды пайдаланаланып, илимдүү болууга умтуналы»,- деди Акимжан ажы Эргешов.

Ал эми Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев китеп окуу маданиятын өнүктүрүү керек экенин баса белгиледи.

Китеп окуу маданиятын өнүктүрүү кажет. Ар кандай мааракелерде бирден экиден китеп белек кылганды үйрөнсөк. Же болбосо сен сыйлаган, урматтаган ага-ини, кол-коңшу, жоро-жолдош, эже карындаштарыңа атайын китеп сатып алып белек кылсаң өтө чоң пайдалуу иштерден болот»,- деди облус казысы.